Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 19:04
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.035

АКШ Индияга мыйзамсыз мигранттарды учак менен жөнөттү

04.02.2025 09:48
918
АКШ Индияга мыйзамсыз мигранттарды учак менен жөнөттү


АКШ Индияга мыйзамсыз мигранттарды учак менен жөнөттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.


Маалыматта айтылгандай, мигранттарды ташууга аскердик-транспорттук учактар колдонулган.


Буга чейин АКШ ушул эле учактар менен мыйзамсыз мигранттарды Гватемала, Перу жана Гондураска жеткирген.


Мигранттарды өлкөсүнө жеткирүүгө көп акча каражаты сарпталып жатканы айтылууда. Мисалы, Гватемалага мигранттарды депортация кылууда бир кишиге болжол менен 4,7 миң доллардын тегерегинде каражат сарпталган.


Эске салсак, АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөлөрүнө чыгаруу иштери январь айынын аягында башталары кабарланган эле.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн