Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 05:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

АКШдагы кыргызстандыктар Баткенге жардам катары 160 миң доллардан ашык чогултушту

05.05.2021 11:24
1173
АКШдагы кыргызстандыктар Баткенге жардам катары 160 миң доллардан ашык чогултушту

АКШдагы Кыргыз диаспорасы Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултуу боюнча активдүү иштерди улантууда.


КРнын АКШдагы элчилиги билдиргендей, 4-майга карата (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын ар кайсы шаарларында жана штаттарында жашаган мекендештер тарабынан төмөндөгүдөй суммадагы каражат чогултулду:


Нью-Йорк шаары – 20 миң доллар (+1-347-852-1941 - Турат);

Огайо штаты – 15,7 миң доллар (+1-513-265-6251 - Алтынбек);

Питтсбрург шаары (Пенсильвания штаты) – 12 миң доллар (+1-213-500-9508 - Барсбек);

Филадельфия шаары (Пенсильвания штаты) – 12 миң доллар (+1-267-212-6775 - Азиз);

Чикаго шаары (Иллинойс штаты) – 93,6 миң доллар (+1-312-610-3018 - Кыял);

Чикаго шаары (Иллинойс штаты) – 12 миң доллар (+1-267-333-5219 - Каныбек).

"Кандайдыр бир суроолор же каражат чогултууга колдоо көрсөтүү ниети пайда болсо, мекендештер жогоруда аталган телефон номерлерине кайрылышса болот", - деп айтылат билдирүүдө.


Элчилик АКШ аймагында жашаган мекендештерге Баткен облусунун жашоочуларына баа жеткис жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн