Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

АКШнын Жээк коопсуздук кызматы "Титанда" каза болгондордун сөөктөрүн тапканын билдирди

29.06.2023 10:50
658
АКШнын Жээк коопсуздук кызматы "Титанда" каза болгондордун сөөктөрүн тапканын билдирди


АКШнын Жээк коопсуздук кызматы Атлантика океанда чөгүп кеткен "Титан" суу астында жүрүүчү экспедициянын каза болгон мүчөлөрүнө таандык деп болжолдонгон сөөктөрдүн табылганын жарыялады


Медициналык кызматтар бул калдыктарга расмий анализ жүргүзүүнү пландаштырууда.


"Титан" батискафынын табылган калдыктары мурда кургакка жеткирилген. Куткаруу иштерине катышкан Horizon Arctic кемеси суу астындагы кеменин калдыктары менен Канаданын Ньюфаундленд жана Лабрадор провинциясындагы Сент-Джонс портуна кайтып келген.


Белгилей кетсек, "Титан" 18-июнда 1912-жылы Түндүк Атлантикада чөгүп кеткен океан лайнери "Титаниктин" кыйраган жерине түшүп баратканда дайынсыз жоголгон. Батискафе менен байланыш ал сууга түшкөндөн кийин эки саатка жетпей жоголгон.


Америкалык OceanGate Expeditions компаниясына таандык аппараттын бортунда анын негиздөөчүсү Стоктон Раш, француз изилдөөчүсү Пол-Анри Наржеол, британиялык миллиардер Хамиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзада Давуд жана анын уулу болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн