Бугу 07, 2024
Убакыт: 22:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Аба каттамдардын калыбына келүүсү эпидкырдаалга таасирин тийгизген жок, - Үсөнбаев

28.09.2020 19:27
1128
Аба каттамдардын калыбына келүүсү эпидкырдаалга таасирин тийгизген жок, - Үсөнбаев


Эл аралык каттамдарды жандандырууда өлкөдөгү  эпидемиялык кырдаалга таасирин тийгизбей турган чаралар колдонулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 


Анын айтымында, ички жана тышкы миграцияны кыскартуу максатында колдонулган радикалдуу чаралардын натыйжасында биз ооругандардын санын кыскартууга жетише алдык.


"Биз ар кайсы чөйрөлөрдө байланыш түзгөн, анын негизинде эпидемиялык көрсөткүчтөр алар менен болгон байланышты жандандырууга шарт түзгөн 50 өлкөнүн тизмесин Тышкы иштер министрлигинен алдык. Анын ичинен 33 өлкөгө биздин өлкөгө кирүүгө уруксат бердик”, - деди Нурболот Үсөнбаев. 


Анын айтымында, тизме айына 2 жолу текшерилип турат жана ТИМдин сунушу боюнча тизме толукталат.


"Мындан тышкары темир жол кыймылын калыбына келтирүү маселеси талкууланат. Бул жерде коронавирустун киришин алдын алуу жана жайылтпоо үчүн атайын алгоритм иштелип чыкты”, - деп кошумчалады ал.

  

Н.Үсөнбаев белгилегендей, эл аралык каттамдарды жандандырууда өлкөдөгү  эпидемиялык кырдаалга таасирин тийгизбей турган чаралар колдонулат. Бул үчүн катуу көзөмөл түзүлгөн. СКПдан дене табы текшерилет, оорунун белгилери бар жарандар изоляцияланат, изилденет жана андан кийин гана биздин өлкөгө кирүү маселеси чечилет. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн