Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Абакта отруган жаран ун саткан ишкерди 224 миңге алдаган

18.07.2023 11:54
301
Абакта отруган жаран ун саткан ишкерди 224 миңге алдаган


Абакта жазасын өтөп жаткан киши телефон аркылуу ун саткан ишкерди 224 миң сомго алдаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Милициянын версиясы боюнча Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну өзүнүн продукциясын Lalafo тиркемеси аркылуу жарнамага койгон. Июнь айынын ортосунда белгисиз адам байланышып ун сатып алмак болгон. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип сегиз тонна унду машинага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн.


"Алдамчы ундун ээси менен кардардын ортосунда ортомчу болгон. Жабырлануучу эч нерседен шек санабай унду жөнөткөн, ал эми 224 миң сом акчаны алдамчы жиберген таксист алган. Андан соң таксист жогорудагы акчаны шектүүнүн эсебине которгон. Анын алдамчылыгы сатуучуга акча жетпей калгандан кийин аныкталган. Натыйжада абакта отурган шылуун ишкерлерди, айдоочуларды, кампа кызматкерлерин өз кылтагына илгени белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.


Шектүү А.А. Чүй облусунун аймагында жайгашкан күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында каракчылык кылганы үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан жаран. Ал Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн