5-ноябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттыгына 34 талапкер катталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди каттоо тууралуу чечим Боршайкомдун жыйынында кабыл алынды.
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан каралып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган.
Эми катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн