Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Абал туруктуу. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланды

15.05.2023 10:35
343
Абал туруктуу. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланды

Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын жолугушуусу болду.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу 14-майда Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Суу бою Кара Бак, Чоркух жамаатынын Чорбог айылдары чектешкен аймакта өткөн. Тараптардын жолугушуусу бир нече саатка созулуп, бир топ маселелер жеринде талкууланган.

Алсак, чек ара, укуктук тартип, макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, сугат суу, ичүүчү суу, калыбына келтирүү жумуштарына эки тараптуу тоскоолдуктарды жаратпоо, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Эки тараптуу делегация буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.

Андан сырткары, эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.

Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн