Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Абдыганы аалым

20.09.2023 12:21
2369
Абдыганы аалым


(Микропоэма)


Ак мөңгүлүү Алай тоодон алыскы,

Шумкар болуп учуп чыктың жашыңдан.

Шаңшып учкан жаш сынчынын таланты,

Кезегинде гүлдөй жайнап ачылган.

Акыйкатчыл, чынчыл жана курч сындар,

Халтура жебе болуп атылган.


Абдыганы, пейлиң кенен ар качан,

Кеңирсиген кең Алайдын ичиндей.

Калемиң курч тийген жерин шылыган,

Алымбектин кылычынын мизиндей.


Өз элиңин кызматынын астына,

Төшөлөсүң чоң Алайдын түзүндөй. 

Калк алдында абийириң ак карачы, 

Алайыңдын мөңгүсүнүн жүзүндөй.


Жаалың катуу жалгандыкка карата, 

Жамандыкты жара чаап “балталап”.

Адилдикти, акыйкатты коргойсуң,

Алайыңдын тоолорундай калкалап.


Ажыратып агы менен карасын,

Саясатты чемичкедей чагасың. 

Адабият айдыңында Алайдын,

Асмандагы жылдызындай жанасың.


Китеп жазсаң калемиңди ойнотуп,

Акыл-оюң алыс кетет арыштап –

Көктү челген чокуларды айланып,

Чоң Алайдын бүркүтүндөй чабыттап...


Жөнөкөйсүң, жупунусуң, мансапка

Башкалардай чиренбей да семирбей.

Ар-намысың бийик сенин ар дайым, 

Алайдагы Кызыл-Арттын белиндей.


II

Эсте турат, өткөн тарых барагы...

Акыл-эсти алган жокпуз ылайлап...

О Кудай ай, жоктоп апа, атасын,

Кичинекей Абдыганы бала ыйлап...

Чоң Алайдын жолдорунда, тигине,

Чуркап барат балалыгың жыңайлак...


Башталгансың Кара-Тейит түнөктөн,

Тагдыр экен... эсте кымбат мүнөттөр. 

Москвада нечендеген күн өткөн,

Азык алып илим деген “мүрөктөн”.


Улуу тоолор арасында тамырың,

Илим-билим – сенин ырыс-кешигиң.

Бу дүйнөнүн кай жеринде жүрсөң да,

Кубат берет Кара-Тейит бешигиң.


III

Кулпурдуң саясаттын айдыңында,

Гүлчөнүн жайлоодогу тулаңындай.

Сугардың адабият чынарларын,

Кең Алайдын көк кашка булагындай.


Карадың романдын өнүгүүсүн, 

Дүйнөлүк адабият бийигинен.

Саясый иштерди да терең тескеп,

Чыгарбай мыйзамдуулук чийининен.


Отуруп тактысында төраганын,

Эл жүгүн аркаладың наркың менен.

Кебелбей кең Алайдын аскасындай,

Абдыке, туруп бердиң баркың менен.


Өмүрдө өз киндигиң өзүң кесип,

Турмушта өз тагдырың өзүң жасап.

Күрөшүп жашаганды көпкө үйрөттүң, 

Өзүңдү ээрчип жаштар бара жатат.


Талантың дагы күчөп ташкындасын, 

Гүлчөдө Күрпүлдөктүн дайрасындай.

Дагы жаз эмгектерди карыбаган

Алайдын аскада өскөн арчасындай.


Өзүңдөн Ата журтуң көптү күтөт, 

Колуңда “Намыс” деген тууң барда.

Бозорбойт Сопу-Коргон кичи мекен,

Өзүңдөй көзгө басар уул барда!   


Советбек Байгазиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн