Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту

15.04.2022 15:35
820
Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев өлкө башчынын тапшырмасы менен бүгүн, 15-апрелде Кадамжай районунун эли менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, элдик жыйынга облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.


Жыйын суроо жооп ирээтинде өтүп, 300дөн ашуун адам катышты. Негизинен жер, таза суу, сугат суу, айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгү, адам укуктары, ошондой эле социалдык-экономикалык багыттагы, жайыт жана айыл чарба тармагындагы көйгөйлүү маселелер жергиликтүүлөр тарабынан айтылды. 

Мындан сырткары облус башчысына жыйында айтылбай калган орчундуу маселелер кат жүзүндө да берилди.

Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы Абдикарим Алимбаев облустук деңгээлде чечилүүчү маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ал эми райондук, айылдык деңгээлдеги көйгөйлөр тиешелүүлүгүнө жараша жеринде мекеме ишканалардын жетекчилери тарабынан жооп берилди.

Ыйгарым укуктуу өкүл жолугушуунун жыйынтыгында облус аймагындагы аткарылып жаткан иш аракеттерге токтолуп, бүгүнкү жыйында айтылган маселелер боюнча ар бир тиешелүү тармактын жетекчилерине аткарууга алынышын катуу эскертип өттү.


Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аймактагы жарандар менен жолугушууларды өткөрүү боюнча тапшырма берген. Ага ылайык Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев облустун бардык район, шаарларында эл менен жолугушууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн