Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:47
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мухаммедкалый Абылгазиевдин Эл аралык университетте окуганы чын, - маалымат катчы

29.05.2020 17:05
1086
Мухаммедкалый Абылгазиевдин Эл аралык университетте окуганы чын, - маалымат катчы


Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Хакимовдун маалыматына жооп катары: - “Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык университете магистратурада окуган”, - деп билдирди. 


"Хакимов менен Абылгазиев Эл аралык университетти бир жылы аякташкан. Абылгазиев магистратурада окуса, Хакимов бакалаврда окуган. Окутуу ар кандай убакта, ар кайсы имаратта өткөн. Аталган университет тийиштүү толук маалымат берет деп ойлойм", - деди Султаналиев.


Эске салсак, буга чейин "Kyrgyz Club" бирикмесинин жетекчиси Айбек Хакимов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык университеттин экономика факультетин бүтүрбөгөнүн жазып чыккан эле. 


"Премьер-министрдин өмүр баянын окуп, кызыктуу факты таап алдым. Анда Абылгазиев 1997-жылы Эл аралык университеттин экономика факультетин аяктаганы белгиленген экен. 1997-жылы университеттин биринчи бүтүрүүчүлөрү болгон. Мен аталган окуу жайдын экономика факультетинин биринчи студенттеринин бири болгом. Староста болгондуктан бардыгынын аттары эсимде. Студенттердин арасында Абылгазиев болгон эмес. Бир канча курсташтарымдан тактасам, алар дагы аны эстешкен жок. Сырттан окугандардын арасында дагы жок болчу. Абылгазиев Эл аралык университетинен дипломду кантип алган?", - деп жазган Хакимов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн