Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Абу-Даби–Бишкек багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат

02.03.2023 09:28
209
Абу-Даби–Бишкек багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат

"Манас" аэропорту менен Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы кызматташуу жана жаңы авиакаттамды ачуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.


Маалыматка караганда, быйыл июнь айында Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби — Бишкек — ​​Абу-Даби багыты боюнча эки өлкөнүн борборлорун байланыштырган жаңы каттам ачууну пландоодо. Каттам Airbus Neo 321 учагы менен жумасына 3 жолу — шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Ошондой эле жакынкы аралыкта Абу-Даби — Ош — Абу-Даби каттамы боюнча авиакаттам ачуу пландалууда.


Жүргүнчүлөр билеттерди WIZZ Flex аркылуу сатып ала алышат. Ошондой эле, билеттерди учууга 3 саат калганга чейин эч кандай комиссиясыз кайтарып, билеттин баасынын 100% ала алышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн