Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ачуу сөздөр айтылат. Жогорку Кеңештин депутаттары айтыша кетишти

02.03.2022 11:14
756
Ачуу сөздөр айтылат. Жогорку Кеңештин депутаттары айтыша кетишти

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев  Адахан Мадумаровдун дарегине сын айтты.


"Адахан Мадумаров менин дарегиме мыйзам долбоорун карап жатканда сын айтты. "Өзүңөрдүн досуңардын мыйзамын өткөрүп жатасыңар" деп билдириптир. Адахан Мадумаров бизге мугалим болуп, акыл-насаат айтканын такыр койбоду. Мадумаров өзүн бийик тутуп, өзү тууралуу бийик ойдо. Ал такыр андай эмес. Ал биздин арабызда отурган депутаттардын бири. Чындыкты айтуу керек. Сиздин образыңыз "кой терисин жамынган карышкырдай", - деди депутат.


Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов регламент боюнча башка депутаттардын атын атап, шек келтиргенге болбой турганын эскертип, микрофонду өчүрдү.


Ал арада Тазабек Икрамов менен Бакыт Төрөбаевдин ортосунда келишпестик чыкты.


Депутат Исхак Масалиев: "Бул залда ар кандай сөздөр айтылат. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам. Биз 5 жыл чогуу иштейбиз. Эртең учурашабыз, көрүшөбүз", - деди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн