Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров кесиптештерин мыйзамды так сактоого чакырды.
Анын айтымында, Жогорку Кеңеш өзү мыйзамды сактамайынча башкалардан талап кыла албайт.
"Кечээ биздин комитетте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоору мыйзамсыз кабыл алынды. Анткени Конституцияда жазылып турат чечим көпчүлүк депутаттын добушу менен кабыл алынат деп.
Мен билгенден 14 депутаттын жарымы депутаттардын көпчүлүгүн түзбөйт. 8 депутат болгондо көпчүлүк болмок",- деди Мадумаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн