Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 22:03
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Адахан Мадумаров партиялашы Мирлан Ураимовдун кармалышы тууралуу пикирин билдирди

09.02.2022 11:16
1055
Адахан Мадумаров партиялашы Мирлан Ураимовдун кармалышы тууралуу пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров партия мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышы тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтты.


Анын айтымында, укук коргоо органдары адамдарды түндө кармоо учурун токтотушу керек.


"Ураимов өзүнөн кичүү адамдарга да үнүн бийик көтөрбөгөн адам. Ал эмне террористпи, оор кылмыш жасадыбы? Же эмне мамлекеттен акча уурдадыбы? Же бирөөнү сабап салдыбы?

Жакшына эле суракка чакырсаңар келмек",- деди Мадумаров.


Мындан сырткары ал Ураимовдун кармалышын партияга карата басым деп баалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн