Бүгүн, 3-мартта депутат Адахан Мадумаров боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия чечим чыгарат. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын төрагасы Айбек Осмонов "Супер. кг" порталына билдирген.
Анын айтымында, буга чейин комиссия 5 жолу жыйын өткөргөн.
"Буга чейин комиссиянын 5 жыйыны өттү. Бүгүн дагы жыйын өтүп, чечим чыгарабыз", - деди Айбек Осмонов.
10-февралда депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн