Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Адахан Мадумаровдун колдоочусу аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча кармалды

13.05.2023 07:40
453
Адахан Мадумаровдун колдоочусу аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» боюнча “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Куба буба” аккаунтунун ээси, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мадумаровдун активдүү колдоочусу Чүй облусунун Москва районунда Кыргыз Республикасынын жараны 15.01.1974-ж.т. Баткен облусунун тургуну Асанов Кубанычбек Ташбалтаевич кармалды. 


  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, К.Асанов системалуу негизде социалдык тармактар аркылуу «Куба Буба» аккаунттары аркылуу жарандарды зордук-зомбулукка жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн материалдарды жайылтуу менен алектенгени аныкталган.

 

Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, К.Асановдун билдирүүлөрүндө улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле улутуна карата кастык мамиле бар.

 

Учурда К.Асанов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

УКМК жарандарды ар кандай антиконституциялык чагымдарга, социалдык тармактарда жек көрүүчүлүктү козутууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чакырыктарга алдырбоого чакырат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн