Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Адамгерчиликсиз мамиле жасаган. Акыйкатчы кош бойлуу журналисттин кармалышы боюнча пикирин билдирди

04.11.2022 14:32
397
Адамгерчиликсиз мамиле жасаган. Акыйкатчы кош бойлуу журналисттин кармалышы боюнча пикирин билдирди

Акыйткачы Атыр Абдрахматова ИИМ тарабынан кармалган кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева менен жолугуп чыкканын айтты.


«Санрабияга дарыгерлер «бойдон түшүү» мүмкүн деп коюшуптур. Түнү тергөөчү ар кайсы жакка алып жүрө берген. Бул адамгерчиликсиз мамиле деп баалайм. Прокуратура кызматкерлерин жана тез жардам чакырдым» , — деди акыйкатчы.


Журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрга караган түнү милиция тарабынан кармалган. Анын 2 жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында журналисттин ден соолугуна коркунуч бар.


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 4-ноябрда маалымат таратып, журналист «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча шектелип, кармалганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн