"Нарын" жана "Казарман" аэропорттору расмий ачылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдирди.
"Нарын" аэропортунун ачылышына президент Садыр Жапаров оффлайн, "Казарман" аэропортунун ачылышына онлайн форматта катышты.
95 жылдык тарыхы бар “Нарын” аэропортунун инфраструктурасы, учуп-конуу тилкеси жана коопсуздук системалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылган.
Белгилей кетсек, “Нарын” аэропортун жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Бул аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам. Башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу менен өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланары күтүлүүдө. Аэропорттун ишин калыбына келтирилиши ички туризмди, экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестицияларды тартуу үчүн жаңы дем берет.
Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы узап кеткен аптада Бишкек-Нарын багытында алгачкы жүргүнчү каттамын жасаган.
"Нарын" аэропортунун тарыхы 1930-жылдары Салкын-Төр айылында биринчи конуу талаасы пайда болгондо башталган. Заманбап аэробекет имараты 1964-жылы, ал эми учуп — конуу тилкеси жана перрон 1974-жылы курулган.
Ал эми “Казарман” аэропортунун басып өткөн жолу 1940-жылдары айылдын четинде биринчи конуу тилкеси пайда болгондон башталат. Анда тургундарды жана “Макмалалтын” комбинатында иштегендерди ташыган транспорттук түйүнгө айланган. 1985-жылы аэропорттун заманбап терминалы жана учуу тилкеси курулган. Ал кезде аэропорт Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларына туруктуу каттамдарды жасап, тоолуу райондорду өлкөнүн калган аймактары менен байланыштырган.
Акыркы каттам 2003-жылы аткарылган. Аларды кайра жандандырууга 2008 жана 2013-жылдары аракеттер жасалган, бирок ал кезде суроо-талап аз болгондуктан, аэропорт ишин уланткан эмес.
Маалыматка ылайык, аэропорт деңиз деңгээлинен 1200 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Анын 1840 метрлик учуу-конуу тилкеси 22 тоннага чейинки салмактагы учактарды кабыл алууга жөндөмдүү, буларга Dash Q400 сыяктуу заманбап учактар, ошондой эле Ан-2, Ан-26, Як-40 жана бардык типтеги тик учактар кирет.
2022-жылдан 2023-жылга чейин масштабдуу реконструкция жүргүзүлүп, инфраструктура жаңыланды. 2018-жылы аэропорттун аэробекети оңдоп-түзөөдөн өтүп, 2024-жылдын ноябрь айында “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аэропорт толугу менен пайдаланууга даяр экенин билдирген.
Бүгүндөн тарта аэропорттон үзгүлтүксүз каттамдар аткарылып, облустун тургундары жана Кыргызстандын коноктору үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн