Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Адамзаттын ой чабыттагы орток мурасы биз ойлогондон кеңири

14.03.2024 09:47
1610
Адамзаттын ой чабыттагы орток мурасы биз ойлогондон кеңири


Адатта, тигил же бул элдин айрым ойчулдары философиялык жана башка ой чабыттык түшүнүктөрдү өз элинин гана туундусу катары көрсөтүүгө далаалат кылышат. Арийне, айрым айдыңдык түшүнүктөр эчак тарых сахнасынан кеткен тилдерде сүйлөгөн жана ар башка чөлкөмдөрдө баайырлаган көөнө элдерден башат алгандыгын да эстеп жүрүүбүз абзел. Тарыхчынын блогу.

Жакында жашы жагынан менден кичүү замандаштарым интернеттеги коомдук тармактардын биринде өтө кызыктуу талкуу жүргүзүп калышты.

Ал талкууда кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун тирүүлүктөгү зор түйшүк – бул ар күнү адам болуу үчүн күрөш экендиги жөнүндөгү оюн чечмелөөгө арналды.

Талкууга катышкан дагы бир замандашым ушул эле асыл ойду байыркы Индиянын ой мурастарынан учуратканын маалымдады.

Айдыңдык жогорку деңгээлдеги талкуу жүрдү го деп койдум, анткени Ч.Айтматов жөнүндө жазган киши кийинки толуктоону туура кабыл алып, ой чабыттын мезгилдик жана мейкиндиктин алкагынын кең болоорун калыс белгилеп өттү.

Ар кыл диндеги жана теги ар кыл этностордон куралган окумуштуулар байыртадан эле саясий, диний, этностук жана башка чек араларга эч чектелбестен, тарыхый коңшуларынын илим-билимине суусап келишкендиктери маалым. Алар баарлашууга ачык болушкан.

XIX–XX кылымдарда, маселен, Теңир-Тоо, Алай, Памир, Каратегин, Каракорум жана башка тоолуу чөлкөмдөрдөгү көчмөн кыргыздар дагы, Ички Азиядагы монголдор дагы саякатчыларга өзгөчө меймандостук менен мамиле кылышкандыктарын чет элдик келгиндер сыпаттап жазып калтырышкан.

Узактан келе жаткан кербен кайсы бир айылга кайрылбай кетсе, ал айылдагы көчмөндөр өзгөчө капа болушкан. Сырткаркы конок алар үчүн тыш дүйнө турмушу жаатындагы ыктыярдуу маалымат жарчысы да болуп саналган.

Кавказдагы элдерде дагы душман делген тараптын өкүлү конок болуп келгенин билдирсе, конок ээлери аны мерт кылгысы келген өз тектештеринен жан үрөп коргошкон.

Жазма маданиятта да ар кыл элдердин ой мурасы ширелгендиги мыкты чагылдырылып калган.

Жаш кезимде, аспирант чагымда, философия жаатында реферат жазууга тийиш болдум. Ал темам Абу Наср Фарабинин философиялык ой мурасына арналды. Өзбекстандын Илимдер академиясынын жана академиянын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун илимий китепканаларында Фараби жана башка чыгыш ойчулдары (асыресе, мусулман ойчулдары) тууралуу илимий эмгектер да, алардын чыгармаларынын котормолору да, алардын арапча жазылган эмгектеринин басмадан чыккандары жана түп нускадагы кол жазмаларынын бир даары да сакталып турган.

Ал кезде аталган Чыгыш таануу институтунун директору – орто кылымдардагы мусулман философиясынын айтылуу изилдөөчүсү, Өзбекстан ИАсынын мүчө-кабарчысы (1989-жылдан академик), профессор Музаффар Мухитдинович Хайруллаев (17.11.1931 — 27.03.2004) агай эле.

Анын Абу Наср Фарабинин өз доорундагы илимдердин түрдөштүрүлүшүнө (классификациясына), дүйнөнү илимий түшүнүүгө, мамлекеттик баашкаруу тууралуу илимге, адеп-ахлак жаатындагы ой чабытка, медицинага, музыка теориясына кошкон зор салымдары тууралуу орусча жана өзбекче илимий эмгектери өтө кызыктуу жазылган. Фараби Дамаскта жүрсө да, өзүнүн борбордук азиялык түркчө чапанын жонунан түшүрбөгөндүгү жөнүндөгү маалыматты да алгач М.Хайруллаев агайдын китебинен окуган элем.

Энциклопедиялык кеңири илимге ээ борбордук азиялык ойчул аалым Абу Наср Фараби Түрки (870—950).

М.Хайруллаев Аристотелдин грек тилинде түп нускада сакталбай калган айрым эмгектери Фарабинин арапча котормосу аркылуу гана бүгүнкү күнгө чейин сакталып калгандыгы жөнүндөгү маалымат менен бөлүшүп, мени айран таң калдыргандыгы эсимде. (Кийин бул эмгектердин айрымдары Аристотелдин улантуучулары болгон грек окумуштууларына таандык экендиги тастыкталды, бирок алар деле илимде аристотелчилик мектептин өкүлдөрү болушкан эмеспи).

Эмгегинин ар бирин Алла-таалага алкыш айтуу менен баштаган бабабыз Абу Наср Фараби Түрки көөнө доордогу мусулман эмес (“каапыр”) аалымдардын мурасын сактап калууга жана өз замандаштарына анын философиялык окуусунун негизги маңызын түшүндүрүүгө зор салым кошконун, демек, өзгөчө белгилөө керек.

Ташкендеги Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда иштеген чыгаан булак таануучу, арабист, Өзбекстан ИАсынын мүчө-кабарчысы Павел Георгиевич Булгаков (06.07.1927 — 28.10.1993) аспиранттарга мыкты дарс окуур эле. Ал Беруни менен Ибн Синанын ой мурасы боюнча мыкты адис эле.

П.Г.Булгаков дагы “исламдын алтын доору” (“исламдык кайра жаралуу” деп дагы) аталган доордогу ири чөлкөмдөрдө арап тилинде жазган илимпоздордун бардыгы тең эле мусулман араптар боло бербегендигин, араларында башка этностук тектеги мусулмандар, ал түгүл иудей жана христиан дининдеги илимпоздор да болгондугун айтаар эле.

Борбордук азиялык окумуштуулар санскрит тилин да билишкен жана индиялык математиктердин жана башка илимпоздордун ачылыштарын жалпы мусулман дүйнөсүнө дайын кылышкан. Кытайга чейин саякат кылып, өз атынан тышкары "ас-Сини" ("Кытайлык") деген кошумча ныспага ээ болгон мусулман айдыңдары да болгон.

Ал эми Өзбекстан ИАсынын Математика институтунда 1959–1994-жылдары иштеген математик, чыгыш таануучу, академик Галина Павловна Матвиевская (1930-жылы Днепропертовск шаарында туулган) айым болсо Советтер Биримдигинде орто кылымдардагы мусулман дүйнөсүнүн математика жана башка так илимдер жаатындагы тарыхын изилдөөдөгү башкы адистерден болчу.

Анын үзөңгүлөшү – математика илимдеринин тарыхы боюнча адис, орто кылымдардагы так илимдер боюнча арап жана парсы тилдериндеги булактардын мыкты котормочусу, профессор Борис Абрамович Розенфельд (30.8.1917–05.4.2008) эле.

Бул математик агай Азербайжан мамлекеттик университетинде иштеп жүрүп, 1951-жылы капысынан орто кылымдардагы жергиликтүү математик Насир ад-дин Тусинин илимий мурасы тууралуу изилдөөлөргө аралашып калат да, ошондон тартып мусулмандык Чыгыштагы так илимдерге салым кошкон даанышмандардын мурастарын чыгыш булактарынын негизинде изилдей баштайт.

Орто кылымдардагы математик Насир ад-Дин Тусинин эмгегинин кол жазма көчүрмөсү. Азербайжан.

1983-жылы Б.А.Розенфельд менен Г.П.Матвиевская калемдешип, “Мусулмандык орто кылымдардагы математиктер менен астрономдор жана алардын эмгектери (VIII – XVII кк.)” (“Математики и астрономы мусульманского средневековья и их труды (VIII – XVII вв.)”) деп аталган даңазалуу жалпылама эмгекти жарыялашкан.

Бул китепте Б.А.Розенфельд заманбап музыка илиминдеги ноталардын аталышын билдирген до-ре-ми-фа-соль-ля-си терминдерин арапча-парсыча “дурр-и муфассал” (“толук бермет (шурусу)”) деген терминден жаралган, деген жоромолун сунуштаган.

Б.А.Розенфельд өз жоромолу аркылуу, балким, музыка теориясы өнөрүндөгү мусулман аалымдарынын дурус айтылбай келе жаткан салымдарын назарыбызга кайрадан салгысы келгендир?

(Албетте, Батышта болсо нотанын ушул аталыштарын XI кылымдын биринчи жарымында жашаган флоренсиялык кечил жана музыка чебери, кечилканалардагы ырчыларга чиркөө ырларын үйрөткөн адис Гвидо Ареззолук латынча сыйынуу тексттеринин саптарындагы баш тамгалардан кураштырып сунуштаган, деген жоромол айтылат).

Кандай болсо да, так илимде болобу, философиялык ой мурастабы, көркөм өнөр дүйнөсүндөбү, айтор, адам заты ар кыл элдердин табылгаларын уютуп, тийешелүү этностук урпактарга гана эмес, ар башка элдерге да мурастай алгандыгы үчүн азыркы цивилизациялык жетишкендиктер камсыз кылынды.

XI кылымда (дээрлик миң жыл илгери) бабабыз Жусуп Баласагын “Кутадгу билиг” чыгармасында (1069–1070) чыныгы жылдызчы илимпоз болуу үчүн ар киши геометрия, алгебра сыяктуу илимдерди үйрөнүп, Эвклиддин (Евклид, Оклидис) чыгармаларын өздөштүрүү керек, деген керемет саптарды калтырган эмеспи!

Баласагындык бул мусулман айдың, мамлекеттик ишмер жана акын болгон инсандын байыркы Эвклидди (Εὐκλείδης; б.з.ч. 325—265-жж.) “каапыр грек” деп жерибестен, анын мурасын үйрөнүүгө чакыргандыгы – азыркы муундар үчүн дагы зор сабак болуп саналат.

Ал эми орто кылымдардагы жөөт философиясынын бараандуу өкүлү Моше бен Маймон (акроними — Рамбам, латынча: Maimonides, 1135–1204) философия жаатындагы арапча да, латынча да эмгектер менен тааныш болгон, өзүн аристотеликтер мектебинин өкүлү катары санаган. Аны арап тилиндеги дүйнө Абу Имран Муса ибн Маймун ибн Абдулла ал-Куртуби ал-Йахуди деген ысым менен тааныган.

Ал жөөттөрдүн салттык иудейлик жоболоруна каршы ойлорду жазып, маселен, грек жана латын философиясын “чоочун илим” катары санабастан, Моше (Моисей, Муса) негиздеген философиялык билимдин эле ырааттуу улантылышы катары кабылдоо керек, деп жоромол кылган. Демек, ой чабыт жаатында Иерусалимди Афина менен карама-каршы коюуга эч негиз жок. Грек философиясын үйрөнүү аркылуу жөөттөр өздөрүнүн мурда учугун жоготуп алган философиялык илимин кайтарып алышат, деп Маймонид эсептеген. (Эскичил жөөттөр менен эскичил христиандар анын мурасын өрттөп жок кылуу керек деп чыгышкан).

Албетте, семит тилдери (байыркы ханаан, финикиялык, арамей, ассириялык, жөөт, арап ж.б. тилдер) аркылуу таркаган философиялык мурастардын андан да мурдагы көөнө башаты, бир чети, Эки дарыя аралыгындагы тили башка болгон шумер элинин маданий жана илимий мурасына барып такалат. Экинчи жагынан, мында байыркы египеттиктердин дагы ой чабыттагы ачылыштары камтылган.

Бул сыяктуу көрүнбөгөн жип аркылуу ар кыл элдерди кылымдар бою туташтырган руханий байланыш Евразиянын ар кыл чөлкөмдөрүндө, Чыгыш, Түштүк-Чыгыш жана Түштүк Азияда байырлаган элдердин тарыхында да катталган.

Мында башкы маселе – кайсы эл акылдуураак деген суроо эмес, кайсы эл өзүнө чейинки элдерден алган илим-билим казынасын калыс чагылдыра алат, деген суроо.

Ласкодогу үңкүр сүрөттөрү жогорку байыркы таш доорундагы кроманйон кишиси тарабынан тартылган. Франция. 26.6.2006.

Дегиңкиси, азыркы таптагы эч бир этностун аталышы тарых жазмаларына түшө электеги эң байыркы аска сүрөттөрү жана үңкүр сүрөттөрү планетабыздын ар башка континенттеринен табылган.

Ал сүрөттөр эң байыркы кишилердин диний түшүнүктөрүн гана эмес, дүйнөгө, жаратылышка, жандуулар дүйнөсүнө жана руханий турмушка байланыштуу башка да түшүнүктөрүн чагылдырып турат. Алардагы айырмачылыктар дагы, окшоштуктар дагы жалпы адамзаттын ой чабытынын тарыхы татаал болгондугун далилдейт.

Мына ушундай көп түстө кубулжуган көрүнүштүн арасында ар бир элдин руханий турмушунун татаал баскычтары, этностор аралык карым-катнаштын ар бир маанилүү мөмөсү тепчилген.

Демек, ар күнү киши бойдон калуу үчүн күрөш алмустакта дагы, азыр дагы өз жарандык коомундагы башка кишилердин салымдарын гана эмес, башка өлкөлөрдөгү элдердин маданий салымдарын да кадырлоого жана алардын тарыхый табылгаларын калыс өздөштүрүүгө чакырышы кажет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Автор: Тынчтыкбек Чоротегин, Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис

Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн