Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева менен бирге "Заковат" интеллектуалдык оюнунун эл аралык турниринин ачылыш аземине катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек шаарында “Заковат” интеллектуалдык оюну боюнча Үчүнчү ачык Азия чемпионатын уюштуруу демилгесин жеке өзү көтөрүп чыккан Саида Мирзиёевага ыраазычылык билдирди.
Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева турнирдин Бишкекте өтүшү эки боордош мамлекеттин маданий-гуманитардык кызматташтыгынын жаркын үлгүсү экенин белгиледи.
Иш-чара эки боордош элдин ортосундагы гуманитардык байланыштарды бекемдеп, билим берүү, илим жана маданият тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө бекем негиз түздү.
Мелдештин форматы – “брейн ринг” – динамикалуу жана кызыктуу беттешүүнү болжолдойт, мында командалар билимдин ар кандай чөйрөсүндөгү татаал суроолорго жооп беришет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн