Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Адвокат Канат Хасановдун уулу 3,5 млн сомду карактоого айыпталууда

26.07.2020 17:32
1272
Адвокат Канат Хасановдун уулу 3,5 млн сомду карактоого айыпталууда


Жактоочу Канат Хасановдун уулу Арстан 3,5 миллион сом тоноп кетти деп айыпталууда. Бул тууралуу журналист Алтынай Арстанбекованын Фейсбук баракчасына чыккан түз эфиринде үйүнө кирген каракчылардын колунан каза тапкан ишкер Бейшен Дюшембиевдин аялы Фатима Лукожова билдирди.


Анын айтымында, 11-июлга караган түнү алардын үйүнө бир нече белгисиз адамдар кирип, үй ээлерин таңып сабашып, 3,5 миллион сомун алып кетишкен. Каракчылардын ур-токмогунан кийин ага чейин ооруп жүргөн Бейшен Дюшембиев ооруканага жетпей көз жумган.


Дюшембиевдин аялы каракчылардын бири Канат Хасановдун уулу экенин, анын интонациясынан тааныганын, окуядан бир нече күн мурун кычкылтек концентраторун алып келип кеткенин айтат.




Канат Хасанов да көп өтпөй билдирүү таркатып, ал уулуна жалаа жабылып жатканын айтты.




Учурда жабырлануучулардын пикирин чагылдырып берген журналист Алтынай Арстанбекова менен Канат Хасанов социалдык тармак аркылуу бири-бирин айыптап жатышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн