Борбор Азиядагы Америка университети жана Кыргызстандын бийлиги менен пландын негизинде Кабулдан 200гө жакын студентти алып келди. Бул тууралуу PassBlue агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, студенттердин 60 пайызы аялдар.
"Азыр бизде БААУда дээрлик 300 Ооганстын студенти бар. Бул студенттердин 180ге жакыны акыркы 30 күндүн ичинде Ооганстандан эвакуацияланды. Алар Исламабадга, андан ары Бишкекке учак менен алынып келинди",- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн