Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Африкалык Сингапур

08.06.2020 20:54
946
Африкалык Сингапур


Чыгыш Африкадагы Руанда тууралуу кеп болгондо бүгүнкүгө чейин көпчүлүк 90-жылдардагы геноцид жана ачарчылык өкүм сүргөн өлкөнү элестетишет. Арийне, ошол мезгилдеги улуттук трагедиядан кийинки чейрек кылым аралыгында ал Африка континентинде тездик менен өнүгүп жаткан экономикалардын бирине айланды деп жазат Republic басылмасы.


1994-жылы дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары Босниядагы куралдуу жаңжалдар тууралуу жазып жатышкан. Бирок, борбор-африкалык Руанда жөнүндө эч кимдин иши жок эле. Ал жерде адамзаттын соңку тарыхындагы гуманитардык катастрофа жакындап калган. 6-апрелде Руанданын президенти Хабиариман үйүнө кайтып келе жаткан самолёт ракета менен атып түшүрүлгөндөн кийин өлкөдө тизгин-чылбыры жок убактылуу бийликсиздик өкүм сүрүп, тозоктуу күндөр башталган.


Азыр Руанданын борбору Кигалини таанып болбойт жана ал Африканын эң көрктүү шаарына айланган. Ажайып жолдору, идеалдуу тазалыгы, сейил бактары, эреже менен жүргөн гана унаа кыймылы менен айырмаланган Кигали европалык туристтерге немец шаарын элестетет. Руандада азыр туристтер абдан көп.


Азыр 25 жыл мурда бул калаанын көчөлөрүндө кан төгүүлөр орун алгандыгын элестетүү кыйын. Ал тууралуу геноциддин курмандыктарына тургузулган гана мемориал эске салат. Руандадагы геноцид 6-апрелден 18-июлга чейин үч айга созулган. Бул аралыкта 800 миң адам өлтүрүлгөн. Миллиондогон адамдар качкындарга айланган. Илимпоздор азыркыга чейин Руанда 1994-жылы башынан кечирген катастрофалык геноциддин себептерин аныктоого аракет кылууда. Ар кандай теориялар айтылат. Руанда Африканын калк эң жыш жайгашкан өлкөсү. Бир чарчы чакырым жерге 490 адам туура келет. Айыл чарбасы менен жан баккан өлкө үчүн бул катастрофалык жагдай эле.


Өтө жыш жайгашкан жашоо жана ачарчылык көйгөйдү радикалдуу жолдор менен чечүүгө түрткү болгон. Ошондуктан, абалдан чыгуу үчүн өкмөт ыкчам модернизация жолун тандап алып, коррупция менен күрөш башталган. Полиция жана көзөмөл органдары орду түбү менен жоюлуп, европалык жана сингапурлук үлгүдө кайра түзүлгөн. Мына ушундай реформалардын натыйжасында Руандада коррупция кескин кыскарып, анын деңгээли боюнча көптөгөн европалык өлкөлөрдү артка калтырып, 48-орунга чыккан.


Поль Кагаменин өкмөтү бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарт түзүүнү максат кылып, жыйынтыгында ал өз жемишин берди. Акыркы 20 жылда өлкөнүн экономикасы 8%га өстү. Азыр Руандада калктын жашоосунда катмарлануу жок десе да болот.


Өкмөт калктын абдан жарды катмарын колдоого алып, аларды жакырчылыктын сазынан сууруп чыгарууга аракет жасоодо. Руандада балдардын 97%ы мектептерге барышат. Бул Африка үчүн рекорд.


Эгерде азыркы Руанданы Сингапур менен салыштырса, анын президентин сингапурлук экономикалык кереметтин архитектору Ли Куан Ю менен салыштырышат. Кагаме жана анын шакирттери геноцидди токтотуп өлкөнү калыбына келтире алды. Калктын жашоо узактыгы 17 жылга, ИДПнын көлөмү 5 эсеге өстү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн