Кулжа 03, 2025
Убакыт: 20:33
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.103
1.135

Агартуу министри Жети-Өгүздөгү мектептерде өткөн “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына катышты

26.05.2025 12:51
276
Агартуу министри Жети-Өгүздөгү мектептерде өткөн “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына катышты


Агартуу министри Жети-Өгүздөгү мектептерде өткөн “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына катышты.


Ведомстводон билдиришкендей, Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 26-майда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылындагы Т. Мурзабеков атындагы жана С. Мендебаев атындагы мектепте, ошондой эле аталган райондун Оргочор айылындагы М. Тынаев атындагы мектепте өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин 2024-2025-окуу жылынын аякташы менен жылуу маанайда куттуктап, изги каалоо-тилектерин айтты.


"Кендирбаева жаш муундарды окутуп, тарбиялоо ишине кошкон салымдары үчүн бир катар педагогдорго министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырып, ийгилик каалады",-деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн