Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:49
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ахматбек Келдибеков: “30 жылда топтогон байлыгыбызды талкалап, жеп бүттүк”

03.09.2021 16:04
11553
Ахматбек Келдибеков: “30 жылда топтогон байлыгыбызды талкалап, жеп бүттүк”


- Ахматбек мырза, интеллигенция 30 жылдын ичинде кандай өзгөрүүгө дуушар болду?


- Азыр “30 жылда эчтеке болбоду” дегендер чыгып атат. Мен алардын пикирлерине такыр кошулбайм. Биз өз алдыбызча мамлекет түздүк. Бул аралыкта жакшыбы-жаманбы, иш алпардык. 30 жылда буга чейин топтогон байлыкты талкалап, жок кылып, жеп бүттүк. Жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, бул биздин тарых. 30 жылда биз интеллигенцияны жок кылдык. Бүгүнкү күндөгү интеллигенттердин баардыгы охлократияга теңелбейин деп, ой пикирин айтса уга турган адам жок, үйүндө китеп окуп отурушат. Интеллигенция айылдан башталчу. Бала бакча башчысынан, мектеп мугалиминен, китепканада иштегенден, ошолордун кийингенинен, басканынан, жүрүм-турумунан, сүйлөгөнүнөн үлгү алсак болот эле...


- Аларды кантип жоготуп алдык?


- Аларды жоготуунун бирден-бир бөлүгү – биз “демократия” деп эле демократиянын импортныйын апкелдик дагы, баардыгын айыл өкмөттөн баштап, жадагалса мектептин директоруна чейин шайлаганга жеткенбиз. Кимдин урук-тууганы күчтүү болсо, анын билими, илими, деңгээли барбы, ага карабай шайлап койдук да, ошонун негизинде интеллигенция жоголду. Бир ачуу чындыкты айткым келет: бүгүнкү күндө мамлекетте иштеген 200 миңдей кызматкер, 500 миңдей пенсионер болсо, ошол 200 миңдин ичинде мугалимдер, врачтар ж.б. мамкызматкерлер, миллионго жакын төрөлгөндөн 11-класска чейинки өспүрүмдөр, 200 миңге жакын жеке ишкерлер бар эле. Учурда алардын саны кескин кыскарды. 1 миллион 300 миңден ашык мекендештерибиз “мен бала-чакамды багып, келечекте кем болбой жашайт элем” деп чет жакта жүрүшөт. Бүгүн саясаттын “с” тамгасын, мыйзамдын “м” тамгасын билбегендер, биздин интеллигенцияны эмес, кайдагы охлакратияны угуп көчөдө жүрүшөт. Учурда охлократия баарын башкарып атат.   


Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн