Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:18
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Аида Исмаилова Польшадан келген адистер менен жолугушту (фото)

24.04.2020 15:49
1119
Аида Исмаилова Польшадан келген адистер менен жолугушту (фото)


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык бюросунун кеңсесинде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү алкагында өлкөгө Польшадан келген медициналык адистер менен жолугушту. 

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр өлкөгө медициналык эксперттер тобунун өз учурунда келгендигин жана жер-жерлерде атамекендик медициналык кызматкерлер менен биргелешкен кызматташуусу орун алып жаткандыгын белгиледи.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө адистердин байкоолорунун жыйынтыгы чыгарылып, кырыгыз адистери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча пикир алмашуу орун алды.

 

Өз кезегинде польшалык врачтар кыргыз дарыгерлеринин кеспипкөйлүгүнө жана ооруканалардын жабдылышына жогору баа берди.


Аида Исмаилова кыргыз дарыгерлерине жана Польшадан келген медициналык эксперттерге, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.


Польшадан келген дарыгерлер тобу Кыргызстандын аймактык ооруканаларына барып, врачтар менен биргеликте оорулууларды карап чыгып, медициналык кызматкерлердин оору жугузуп алуу себептерин талдоого алышат.

 

Белгилесек, 19-апрелде Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан курамында 8 адистен турган медициналык топ келген. Медиктер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн