Ак-Ордо жаңы конушунда турак үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Сокулук району Ак-Ордо 3 жаңы конушу Кашка-Суу көчөсүндө турак үй толугу менен күйүп кеткен.
"Жалпы аянты 100ч.м түзөт. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок. Жеринде Бишкек шаардык №6 ӨККБнөн 1 бөлүм жана Бишкек шаардык №8 ӨККБнүн камаз унаасы иш алып барган. Саат 05:39да өрттү чектөөгө алышып, саат 07:00до толук өчүрүшкөн",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн