Азербайжандын жаш, таланттуу акыны Айшан Рахимова Ош шаарында өткөн кыргыздын улуу акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналган эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган “Жашыл аалам” поэзия фестивалына катышып, лауреат болгон. Фестивалга чейин Айшандын ырын которуп, окурмандарга сунуш кылгам.
Фестивалда өзү менен тааныштым. Мүнөзү ачык-айрым, ар бир адамга жарыгын чача күлүп турган жароокер кыз экен. Ал эми анын ички жан-туюму, руханий дүйнөсү, бийик интеллекти ошол сырткы сулуулугуна үндөшүп, толуктап турган өзгөчө аалам. Акындыгы менен адамдыгы айкалышып жаткан өтө сезимтал, зирек кыз.
Айшандын ырлары ак ырлар, эркин ырлар. Анын поэзиясынан бир дагы уйкашкан эки сапты таппайсыз. Эгер уйкашты издесеңиз талаадан шамал издегендей убара болосуз. Бирок, жаш акындын ырларынан ээ-жаа бербеген күчтүү эмоцияны, ага күзгүдөй чагылып “жарк-журк” эткен ойлорду, күтүүсүз салыштырууларды табасыз.
...Чачтарымдан өрүлгөн жипке байланган
үмүтүмдүн акыркы жиби ошол түнү үзүлдү.
Чачтарымдын ар бир тарамы
сенин колдоруңдун салаасынан өткөн эле го?..
...Мен сени унутууга ант беремин!
“Кош” деген жалгыз сөз менен
бүт баардык эскерүү жашымды кургатамын.
Анын ырлары Американын улуу акыны Уолт Уитмендин саптарындай чулу, сулп саптар. Айшандын быйыл 100 жылдыгы белгиленген Азербайжандын классик акыны Бахтияр Вахабзаденин мектебинен билим алганы көрүнүп турат. Айшан жазган ак ырлар, рифмасы жок ыкма биринчи жолу Италияда он алтынчы кылымда пайда болгон. Андан кийин Англия адабиятына өткөн эле.
Ак ыр жалпы адабиятка жаңылык, мода катары XIX кылымдын аягында, ХХ кылымдын баш ченинде кирген. Айрыкча Артур Рембо, Фридрих Гельдерлинг, Уолт Уитмен жана күмүш доорундагы орус акындары колдонушкан. Ак ыр – рифмасыз жазылган ырдын формасы. Анын аталышы француз сөзүнөн келип чыккан. “Ак”, же “бош” дегенди билдирет. Салттуу ырдан айырмаланып анда метр, ритм жана образдуу тил пайдаланылат. Айшан Рахимова ырдын дал ушул формасында чыгармаларын жаратат.
Канча көздөр, буттары үзүлгүчө жүгүрүп,
Күзгүдөн мени талашты...
Мезгил каалоону мойнунан асып жатканда
канча жиптер уялып жер карашты.
Китептердин арасында өлтүрүлүп кургатылган
көпөлөктөр кандай сулуу болсо,
Менин жалгыздыгым да
дал ошондой сулуу...
Улуулук, төрт дубал, эки шам...
Бош бөлмөнүн философиясы жана эски громофон.
Вино куюлган бокалда жумшак жылмаюу жана Фридо Кало:
“Менин ичимде кырк аял бар:
Кыркы тең чоочун,
Кыркы тең башка”.
Дегеле ак ыр болобу, салттуу ырбы, анын өзөгүндө ой, маани, сезим, жаңылык болбосо, жалгыз формадан эч нерсе өзгөрүп кетпес. Бирок, ошентсе да дүйнө бир орунда турбагандай, адамдардын адабиятка, асыресе поэзияга карата суроо-талабы жыл санап өсүүдө. Алар жаңы формадагы, жаңы ырларды окугусу келишет:
Сенин эриниңде өрттөнүп
Өкүмдү күтсөм,
Кирпиктериңдин учунда отуруп,
Мемиреген тынчтыкта ак чачтарыңа бекем ыктап
унутсам өзүмдү...
Менин жаным сенин жүрөгүң менен көзүңдүн ортосунда жети жолу адашты.
Айшан жазган модернисттик поэзия баштагы салттуу ыр уйкаштарын чанып, жаңы форма, идея, мазмунга багыт алган агым. Модернисттик поэзия жаңычылдыкка умтулуп, стиль, ритм, тематика, образ жаратуу боюнча эксперимент жасап, коомдун жана адамдардын аң-сезиминдеги өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Ошондой эле модернисттик поэзия искусствонун живопись, музыка, философия сыяктуу жанрлары менен тыгыз байланышта болот. Бекеринен Айшан Рахимова ырларында дүйнөлүк атактуу музыканттардын, композиторлордун чыгармаларын колдонбойт. Акын “Лакримоза” деген ырында:
Баардык ыйыктардын үнү басылды,
Тек алыстагы чиркөөдөн
Моцарттын “Лаксимоза”
Ыры жылмайып каш какты.
Храмдагы идолдордун баары кулап,
Минареттен “Кеткендер сагынганга, шашылгыла!”
Деген жалгыз бир үн чыгып жатты.
Айшан Рахимова жаш кезинен поэзияда али эч ким баса элек өз чыйырын, жолун таап, дүйнөгө өзгөчө көз караш, сезим-туйгу менен карап, ошол көргөн-туйганын өзүнчө үн менен ырдаганга аракет кылат. Сүйүнүчкө карай, анын бул аракети оңунан чыгууда.
Ала-Тоонун даңазалуу уулу, улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жеринен Азербайжандын жаш акыны Айшан Рахимовага поэзиянын сырдуу, сүрдүү дүйнөсүндөгү ишенимдүү кадамына ийгилик каалайм.
Ак жол сага, Айшан!
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ, акын, ТҮРКСОЙ уюмунун эл аралык Абай атындагы, Жолон Мамытов атындагы сыйлыктарынын лауреаты
Чыгармачылык чыйырында
Айшан Рахим 1999-жылы Азербайжандын Мингечаур шаарында төрөлгөн. Нариман Нариманов атындагы №1 толук орто мектепте жана Үзейир Гаджибейов атындагы 11 жылдык музыка мектебинде (фортепиано жана гитара бөлүмдөрү боюнча) билим алган. Шеки медицина колледжинин акушердик гинекология адистигин аяктаган. Азыркы учурда Азербайжан тилдер университетинин жаратмандык факультетинде акыркы курстун студенти.
Айшан Рахим чыгармачылыкка бала чагынан аралаша баштаган. Анын ырлары жергиликтүү жана чет элдик басылмаларда жарык көргөн. Ал Азербайжан Жазуучулар союзунун мүчөсү жана Дүйнөлүк жаш Түрк Жазуучулар бирлигинин төрага орун басары. Ошондой эле журналист жана медиа долбоорлордун жетекчиси катары иш алып барууда. Бир нече телеканалдарда, интернет телеберүүлөрдө, радиолордо жана жаңылык сайттарында долбоордун алып баруучусу жана редактору болуп иштеген.
1. Фрида Кало
Өткөндүн текчесинде жоголду эскерүүлөр,
Үзүлдү унутуунун чынжырлары, сагыныч муунтат тамагын...
Бул жапайы кездешүүнүн колдору айрылуунун буттарына асылат.
Тагдырдын сызыктары алакандын бырыштарын аралайт,
Менин мезгилимдин жебеси сааттардан ажырайт.
Календарлар барактарын жоготот.
Дализдин дубалдарында
Көлөкөлөр акыркы үмүт менен бийлеп жатат.
Чекит коюлган бул кургак фразалар,
Чекиттен үтүргө айланат,
Акыркы барактын акыркы саптарында
Эпилог менен аяктайт...
Канча көздөр, буттары үзүлгүчө жүгүрүп, күзгүдөн мени талашты...
Мезгил каалоону тамагынан асып жатканда,
Канча жиптер уялып жер карашты.
Китептердин арасында кургатылган көпөлөктөр кандай сулуу болсо,
Менин жалгыздыгым да дал ошондой сулуу...
Улуулук, эки шам, төрт дубал.
Бош бөлмөнүн философиясы жана эски громофон.
Вино куюлган бокалда жумшак жылмаюу жана Фридо Кало:
“Менин ичимде кырк аял бар,
Кыркы тең чоочун,
Кыркы тең башка”.
2. Лакризома
Менин көздөрүмдөгү Күндүн
коштошуу зыйнатында
үмүттүн саргайган бариктери
акырын сабалап түшүп жатат.
Бул көз жаштын толкундуу тереңинде
кан аралаш куса агат.
Бул менин күзгү асманымдын
акыркы канат кагуусу.
Сен кеткенден бери
Лавинанын буркураган жытына толгон
ээн көчөлөрдүн эсинде азап тарткан
күнөөсүз түндөрүм пардасын ачпады.
Күн тийбеген муздак дубалдарда
түтүнгө чулганган канча дем тумчукту.
Менин эринимде канча ыр саптар
онтоп жаш төктү.
А менин көздөрүмдөн сен келсе деп
мен баскан канча көчөлөр өтпөдү.
Чачтарыман өрүлгөн жипке
байланган үмүтүмдүн
акыркы жиби ошол түнү үзүлдү.
Чачтарымдын ар бир тарамы
сенин колдоруңдун салаасынан
өткөн эле го...
Баардык ыйыктардын үндөрү басылды...
Тек алыстагы чиркөөдөн
Моцарттын “Lacrimosa”
ыры жылмайып каш какты.
Храмдагы идолдордун баары кулап,
Минареттен “Кеткендер, сагынганга шашылгыла!” деген
жалгыз бир үн чыгып жатты.
Анан жалгыздыктын тери менин
вино ичип жаткан бокалыма тамды.
Мен айтыла элек жалгандарды,
жасала элек күнөөлөрдү эстедим...
Менин эч ким жок үнсүз үйүмдө
нотасы сынган жалгыздыктын симфониясында
өлгөн периштелер акыркы
куранын окуп жатты.
Мен сени унутууга ант беремин!
“Кош!” деген жалгыз сөз менен бүт баардык
эскерүү жашымды кургатамын...
3. Эстуарий
Качандыр бир сенин колуң капысынан жалгыздыкка урунганда
Менин эшигими как.
Ойгот мени көргөн узун түшүмдөн.
Күн чыга элек, таңдын агыш, күрөң пардасы асманды али жаап турат...
Сен келгенде чынар дарактар ойгонот.
Менин “ким?” деген уйкулуу суроомо,
сенин үнүң көпөлөктөй гүлдөрүн кооздойт,
А мен таңдагы уйкуга мас кезимди чогултуп, сенин эриниңде болом,
Сенин колуңа баардык чалпоолугум менен кулайм.
Эгер сен бүгүн эртең менен эшигимди каксаң,
Мен уйгу-туйгу түшкөн чачтарым, шишимик тарткан өңүм менен,
Чарчаган денем жана бир аз мас болгон демим менен сага чуркап барам...
Менин баардык таңкы пардам сенин жүзүңдө ачылат.
Менин баардык түндөрүм сенин бир көз карашыңда үнүн басат.
Баардык бороондор сенин бир ишаратың менен токтойт...
Эгер сен бүгүн эртең менен мага келсең,
Эстуариянын түтүнү тарай электе,
Кемелер жээктерге жете электе,
Эң албууттуу долу бороондор басыла электе,
Эч нерседен тартынбай, түптүз келсең,
Тереземдеги көгүчкөндөр,
Алардын канатында албуут түндүн тынчтыгы бар,
Менде уясын таштап кеткен чабалекейдин
жалгыздыгы бар.
Бөлмөдөн али туман кете элек,
Балким, аны эрте мененки
жолугушуу таркатат.
Которгон Өмүрбек Тиллебаев
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн