Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:16
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ак калпак күнүнө карата Бишкекте салтанаттуу иш-чара өтөт

02.03.2023 11:56
2504
Ак калпак күнүнө карата Бишкекте салтанаттуу иш-чара өтөт

Бишкекте 5-март — Ак калпак күнү белгиленет. Бул күнү Улуттук тарых музейинин алдында бир катар салтанаттуу иш-чара өтөт.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, кыргыздын улуттук баш кийимине арналган иш-чара саат 10:00дө Тоголок-Молдо жана Чүй проспектисинен "Ала-Тоо" аянтына чейин катышуучулардын жүрүшү менен башталат.


Салтанаттуу иш-чаранын алкагында ак калпактардын көргөзмөсү уюштурулуп, Манас айтылып, жаш акындардын ата мекенге жана ак калпакка арналган ырлары окулуп, төкмө акындардын катышуусу менен кыргыз ак калпагы даңазаланат. Иш-чаранын расмий бөлүмү саат 10:30да башталат.


Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы биргеликте уюштурууда.


Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн