Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акаев: Түркиянын миллиондогон адамдар окуган басылмалары Инандыны кыргыз атайын кызматы кармап берди деп жазууда

07.07.2021 16:28
800
Акаев: Түркиянын миллиондогон адамдар окуган басылмалары Инандыны кыргыз атайын кызматы кармап берди деп жазууда


Түркиянын миллиондогон киши окуган "Сабах", "Жумхурийет" деген басылмалары Орхан Инандыны Кыргыздын атайын кызматтары кармап берди деп жазып жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.


"Түркиянын миллиондогон киши окуган басылмалары Орхан Инандыны Кыргыздын атайын кызматтары кармап берди деп жазып жатышат. Жооп жок унчуккан жоксуңар. Бул социалдык тармактарда бирөөнүн комментарий жазып койгондугу эмес. Муну маалымат агенттиги жазды. Моюнга алгансып отурасыңар. Түркиялык гезит "бул Садыр Жапаровдун сапарынын алдында белек катары берилди" деп жазып чыгышты. Ушунун баарына чыдап отурасыңар. Миллиондогон тираж менен чыккан гезиттер, сайттар жазып жатат. Ыкчам жооп кайтаргыла да. Мынчалык коркок, байкуш болбогула да", - дейт Акаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн