Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Акаевге жаңы айыптар тагылды. УКМК Аскар Акаевге байланыштуу билдирүү таратты

21.12.2021 14:57
742
Акаевге жаңы айыптар тагылды. УКМК Аскар Акаевге байланыштуу билдирүү таратты

УКМК Аскар Акаевге байланыштуу билдирүү таратты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Кумтөр иши боюнча мурдагы Президент Аскар Акаевге коюлган бардык айыптарды алып салуу боюнча айрым адамдардын такталбаган билдирүүлөрүнө байланыштуу, УКМК бул кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу коомчулукка объективдүү маалыматтарды жеткирүүнү туура деп эсептейт. 


Жүргүзүлүп жаткан тергөөгө тиешеси жок, иш боюнча ишенимдүү маалыматы жок адамдардын мындай билдирүүлөрү жөн гана өзүн пиар кылуу максатында коомчулуктун оюн бурмалоо жана атайылап адаштыруу болуп саналат.


УКМК Кумтөр иши боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын коомчулукка маалымдайт.


Мурдагы Президент Аскар Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды.


Аскар Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылганын белгилейт.


Кылмыш ишинин тергөө амалдары улантылып, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу кылмыштарды жасоонун башка фактылары аныкталууда, тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет.


Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт.


УКМК өлкө жарандарын өзгөчө кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулуктун оюн адаштырбоого дагы бир ирээт чакырат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн