Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:22
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Акча алмаштыруучу жайларга текшерүү жүргүзүлүп, 1 млн сомдон ашык айып салынды

06.08.2022 13:01
1221
Акча алмаштыруучу жайларга текшерүү жүргүзүлүп, 1 млн сомдон ашык айып салынды


Улуттук банк коммерциялык банктарды жана акча алмаштыруу жайларын текшерүү жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, көзөмөл банк жыл башынан бери коммерциялык банктарга 116 жолу текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 100 жакын эскертүү-сунуштамаларды берген. Ал сунуштарда кардарды тийиштүү деңгээлде тейлөө, банктык милдеттерди аткаруу, АКШ долллары менен камсыз кылуу талаптары айтылган.

Акча алмаштыруу жайлары боюнча 89 текшерүү жүргүзүлүп, алардын 29унун лицензиясы алынган. 14 адамга жалпы 1 млн. 180 миң сомдук айып салынган.

Улуттук банк валюта рыногуна мониторинг кылып, атайын дүрбөлөң жаратуучу аракеттерге жол бербөө үчүн тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн