Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты

21.06.2022 19:14
888
Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты


Мамлекетке караштуу Megacom компаниясынын мурдагы башкы директору Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы тастыктады.

Жамангуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү Октябрь райондук сотунда кечээ, 20-июнда, каралган. Анда судья 12-июлга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Эскерте кетсек, Жамангулов Башкы прокуратура тарабынан 12-март күнү кармалган. Ал бирөөнүн ири суммадагы мүлкүнө ээ болуп алган деп шектелүүдө.

Акылбек Жамангулов Megacom компаниясын 2018-2021-жылдары жетектеген. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн