Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров Абдулла Арипов менен жолугушту

27.04.2023 09:41
391
Акылбек Жапаров Абдулла Арипов менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров Ташкент шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу өз ара кызматташуунун эки жакты тең кызыктырган маселелердин кеңири топтомун талкуулашты.


Тараптар Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жакында болгон жумушчу сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды практика жүзүндө ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.


«Менин жакында болгон расмий сапарымдын жыйынтыгы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташуу жаатында абдан жемиштүү болду.


Анын жыйынтыгында кол коюлган бардык документтер биринчи кезектеги мүнөзгө ээ - биздин экономикалык кызматташуубузду илгерилетүүнүн мындан аркы багытын аныктайт», - деди Акылбек Жапаров.


Тараптар ошондой эле, өкмөт башчыларынын деңгээлинде боло турган иш-чаралардын уюштуруу маселелерин, атап айтканда, чек арага жакын облустардагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага чектеш облустарынын хокимдеринин Кеңешинин кезектеги жыйынын жана эки тараптуу кызматташуу боюнча Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун өткөрүүнү талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн