Насирдин Исанов өлкөнүн башкы архитектору катары тарыхта түбөлүк калат. Бул тууралуу мамлекеттик жана саясий ишмердин 80 жылдыгына арналган «КРнын туруктуу өнүгүүсү: реалдуулук жана келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө анын жетекчилиги менен курулган объектилерди сыймыктануу менен атасак болот. Алар: Ала-Тоо борбордук аянты, «Кыргызтелекомдун» имараты, Ош базары, Агропром, Тарых музейи, Ак үй, ЗАГС, «Чыгыш-5» кичи району.
Акылбек Жапаров белгилегендей, Насирдин Исанов бул долбоорлорду Москвада бекитүү үчүн көп күч-аракетти жумшаган.
Аткаминер Насирдин Исановдун уулу бүгүн аны менен бир командада иштеп, мамлекеттин социалдык-экономикалык жашоосун өнүктүрүүгө зор салым кошуп жатканын кошумчалады (Алмаз Исанов - президенттик администрациянын жана министрлер кабинетинин саясий жана экономикалык изилдөө бөлүмүнүн башчысы).
Иш-чарага алдыңкы академик экономисттер, илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары, бизнес жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Маалымат үчүн:
Насирдин Исанов - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери. Өлкөнүн вице-президенти, премьер-министр, экономика илимдеринин кандидаты, СССР эл депутаты болгон. Ал 1991-жылы 29-ноябрда Жалал-Абад-Ош жолунда болгон кырсыктан каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн