Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-21-октябрь күндөрү Россияга расмий сапар менен барарын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жапаров бул күндөрү Кара кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россияда өтчү маданият күндөрүнө арналган иш-чараларга катышат.
Ошондой эле Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен эки өлкө өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйынын өткөрөт.
Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулары күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн