Бугу 02, 2024
Убакыт: 23:14
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Акылбек Жапаров чиновниктерге эскертүү берди

15.09.2023 17:10
322
Акылбек Жапаров чиновниктерге эскертүү берди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күз-кышка даярдык боюнча жыйын өткөрүп, аткаминерлерге катуу эскертүү берди.


"Кыш күтүүсүз келип калды" деген сөзүңөрдү укпайын. Кышка даярдык 100 пайыз болушу керек. Былтыр Майлы-Суу шаарында болгон окуя сыяктуу жагдайлар дагы кайталанса дароо жумуштан бошоп, кабинетиңерге барганга үлгүрбөй каласыңар", — деди өкмөт башчы.


Ошондой эле ал ар бир үй-бүлөнү эмитен кышка даярданып, суук түшкөнчө турак жайын жылуулап, көмүр камдап алууга чакырды.


Ал эми электр энергиясын үнөмдөө боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тапшырма берген.


Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам быйыл 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей жылуулук берүү да үзгүлтүккө учураган. Мындан улам калаага өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн