Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы ийгиликтүү ишке ашып жатканын билдирди

28.04.2023 12:09
206
Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы ийгиликтүү ишке ашып жатканын билдирди

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобу биргелешкен жыйын өткөрүүдө.


Жыйынга Бактыбек Сыдыков менен Эльмурза Сатыбалдиев жетектеген фракциянын жана депутаттык топтун мүчөлөрү, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышууда.


Жыйында алгач Акылбек Жапаров 2026-жылга чейин белгиленген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.


Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү аркылуу жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын 5 жылдык планы иштелип чыккан.


“Аталган планга 853 иш-чара киргизилип, бүгүнкү күндө анын 650сү аткарылды. Бул пландын 78%ын түзөт. Алсак, улуттук программанын артыкчылыктуу багыты реалдуу экономикалык өсүштүн жылдык темпин орточо 5% деңгээлинде камсыз кылуу болуп саналат. Ошол эле учурда былтыркы жылы өсүү темпи 7% болгондугун белгилей кетүү керек. Мындан тышкары, жан башына 1500 АКШ доллардан кем эмес ИДПга жетишүүгө, ИДПнын 13%ынан кем эмес өлчөмүндө тике чет өлкөлүк инвестициялардын жыл сайын агып келүүсүн камсыздоо максатталган. Кошумчалай кетсек, өткөн жылы тике чет элдик инвестициянын көлөмү 1 млрд АКШ долларынан ашып, ИДПга салыштырмалуу 10%ды түздү”, – деди Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн