Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 18:35
USD
84.85
85.35
EUR
92.60
93.60
RUB
0.875
0.920

Акылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI коддорун каттоо боюнча жыйын өткөрдү

07.10.2024 16:10
113
Акылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI коддорун каттоо боюнча жыйын өткөрдү


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI коддорун Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) каттоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын, анын ичинде Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилери катышты.

Акылбек Жапаров жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана катталбаган IMEI коддору бар телефондорду мыйзамсыз ташып келүү жана сатуу менен күрөшүү үчүн уюлдук телефондордун IMEI коддорун каттоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге минкаб башчысы бул иш каттоонун жүрүшү тууралуу маалыматтын жоктугунан жана кызматка кирүүдөгү көйгөйлөрдөн улам жарандардын нааразычылыгын жаратып жатканын белгиледи.

Акылбек Жапаров көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Министрлер кабинетинин башчысы зарыл болгон учурда чечкиндүү чаралар көрүлөрүн, анын ичинде IMEI коддорун каттаган компания менен келишимди бузууга да токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн