- Акыл, өзүң тууралуу учкай кеп салып берсең. Сени кадимки эле Молдо Нияздын урпагы болот дешет?
- Өзүм чал-кемпирдин, б.а., атамдын 47, апамдын 40 жашындагы, акылы толгон кезиндеги баласымын.
Элүүгө келген курагым,
Эңишке түшөр убагым.
Өрнөк кылар адамым,
Эр Манас менен Чубагың, - деп жазган элем. Азыр мен өзүмдү эңишке түшөр убактамын деп эле сезем. Адам өзүн жаш, ооруса да оорубагандай сезип жүрүшү керек. 20-30 жаштагы ини-карындаштарыма силерге караганда мен жашыраакмын деп коём. Түпкү тегибиз барып Молдо Кабылга такалабыз. Төртүнчү атабыз Молдо Кабыл. Молдо Кабыл менен Молдо Нияз эки бир туугандын балдары. Алардын аталары Арык менен Эштай, алардын атасы Күйүк баатыр болот. Күйүк баатырдан ары Кочкор бий деген болгон. Андан ары Хан Кошон деген болгон. Биздин уруубуз да кошон. Кошондон ары жагы Сазан бий, Булут бий, Сүмбүл бий болуп кете берет. Аталарыбыз “Баткен тараптан көчүп келгенбиз” деп айтышчу. Айдаркен менен Баткендин ортосунда Сай деген жер бар. Эң түпкүлүгүбүз Энесайдан көчүп келгенбиз дешчү. Биздин чоң аталарыбыздын арасында молдолор көп болгон. Сулайман молдо, Маматали молдо. Ошол кездин интеллигенциясы болгон да мындайча айтканда. Бир гана Молдо Нияз эмес, Молдо Сулайман менен Молдо Маматали да көп нерселерди жазып жүрүшкөн. Алар азырынча ачылып, билине элек. Кагаздары жоголуп, азыркы учурга жетпей калды. Молдо Нияздын деле көп китептери болгон, ошонун эки-үчөө эле табылбадыбы.
Күйүк баатыр көзгө атар мерген да болуптур. “Атылган кийикти жонуна көтөрүп алып, экинчи кийикти кубалап кете берчү” деп аталарыбыздын айтканы бар.
- Өзүң деле бир топ балбан көрүнөсүң...
- (Күлдү) Кулактар бекер сынган эмес да. Студент кезде мен да дзюдо менен машыккам. Биринчи курста болгону үч ай эле машыгуу менен ЖОЖдор аралык мелдештен республикага чейин келгем. Бирок, оор салмактагы атаандашка туш келип, төртүнчү орунду ээлеп калгам. 65 кило салмак менен 79 килолук балбандарга түшкөм. Экөөнү жеңдим, бирөөсүнөн очко менен жеңилдим. Захватка кармаганы калганда мен буйтадым. Буйтаганда эле ал кулакка сокту да! Ага чейин кулагым сынып, чыдатпай аткан. Көзүмөн кадимкидей от чачырап кетти. Делдейип туруп калдым. Көтөрүп туруп чапты. Билип турам, бирок каршылык кылганга шайым жетпей калды. Кинодо башы айлангандарды көрсөтөт го? Чындап эле баш ошентип айланат экен. Турайын дейм, тура албайм. Бир кезде калыс санай баштады. Жети-сегизге чейин турбасаң нокаут болосуң. Бир маалда көкүрөгүмөн “Акыл, нокаут болосуңбу?” деген үн чыкты. “Жок” деп темтеңдеп барып, эптеп туруп кеттим. Нокаут болбодум, бирок үчүнчү орунга илешпей калдым...
- Ырларды кайсы учурда жазасың?
- Негизи, жаш кезимен эле ырга кызыкчумун. Атам да адабиятка кызыккан адам болгон. Үйдө “Манастын” томдору турчу. 4-5-класстан эле анча-мынча калем кармай баштадым. Районубузда “Ильич нуру“ деген газета бар эле. Ага макалаларым чыкчу. 8-9-классымда “Намыс” деген 96 куплет чоң поэма жазгам. Бир жигит намыс үчүн өзүн атып салган. “Кур дооматка калгандан көрө актыгымды өлүм менен далилдейм” деп. Ошону жазгам. Бирок, аны эч жерге чыгара албай койдум. Кийин студент болдум, анда да чыгара алган жокмун. Өзүмө “ушуну чыгара албасам, жазбайм” деп шерт коюп, ошондон кийин жазбай койгом. Ошентип 20-25 жылды жазбай өткөрүп ийдим. Элдин баары “жазбайсыңбы” дешет. Эл өзү сени башкарып коёт экен. Чын эле “жазбасам болбойт окшойт” деп акыркы эки-үч жылда кайрадан жазып баштабадымбы.
- “Намыс” поэмаң чыктыбы анан бир жерге?
- Жок. Ошол бойдон жоголуп кетти да. Чоң сумкам бар эле. Кол жазмаларым, гезитке чыккан макалаларым бүт ошондо болчу. “Бул менин байлыгым” деп койчумун. Бирок, барктабаган кишиге туш келсең, ал жазгандарың тутандырыкка жагылып жок болот экен... Эми кайра жазыш керек.
- “Уусун бүркүп, ач ажал жалын чачып,
Каруу кетип, каректен нурум качып.
Турса дагы жашоодо күрөшөмүн,
Түгөнгөнчө акыркы каным кашык” деген ырларыңды окуп, эркиңе баа бердим. Дайыма жаркырап күлүп жүрөсүң. Сени минтип балдак таянтып койгон күнөөкөрдү да “жаш бала экен” деп кечирип ийипсиң. Эмне дейли, чыгармачылык ийгилик, бу жашооогу бардык жакшылыктарды каалайбыз! Бар бол!
- Рахмат! Сиздердей акын-жазуучуларды көргөндө күчүмө күч, кайратыма кайрат кошулат. Кудай кааласа, эми калемимди таштабайм!
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн