Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:48
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Акимдерге күтүүсүз барам деп үстөлдү бир койгондо эмне толк?

18.02.2021 08:45
642
Акимдерге күтүүсүз барам деп үстөлдү бир койгондо эмне толк?
Азыр акимдерге "күтүүсүз барам, айтып коёюн капа болбогула!" - деп эскертүү берип, үстөлдү бир койгондо эмне толк? Же эмне акимдер мурдагы СССРдегидей 5 жылдык планды аткаралы деп айылма айыл кыдырып, буудайдын учун сыдырып жүрүптүрбү? Азыр эми акимдериңдин колунан кайсыл "кокон тыйын" келет? Же элге банктан пайызы арзан кредит алып береби? Же жеке менчик жерлерин айдатып, үрөөндү берип, аны сатып алуу иштерин сүйлөшүп, дыйкандарга сунуш айта алабы? Же элдин өзүнүн маңдай тери менен жыйган малына чөп салып семиртишеби? Аким деген неменин колунан эмне келет азыр? - деп сурагылачы элден. Күтүүсүз барып калышым мүмкүн деп койгонун. Күтүүсүз барсаң кайра жакшы. Сага деп, ар кайсыл начальник, соодагер, салыкчы, токойчудан бери тыйын чогултуп союп бере турган жылкы союлбайт, кой союп берип, же аш-гөш менен үстөлүңдү гүлдөтүп жиберип узатышып коюшат. Анан күтүүсүз иштен кетип калышат...

Аларга суу маселесин айтасың. Ой аларың "суу куйганды" өлө жакшы билишет. Суу аларда дайым даяр кокуй...????
Сен андан көрө, айыл чарбага силер күтпөгөн жактан инвестор таап барам. Жер шартыңарды, элеттин ишкерлерин, дыйкан, малчыларды, бал челекчи, фермерлерди тизмеге алып, алардын жаңыча идея сунуштарын чогулткула. Элеттеги өндүрүлгөн продукцияларды сатып алуучу жүдаа катта соодагерлерди тартам. А силер элетти өнүктүрүү боюнча өз көз карашыңарды камдап жүргүлө десеңчи.

Күтүүсүз барып калган жакшы бекен же..?

Шайырбек Абдырахман

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн