Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 22:27
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Акын, журналист Жыпар Акунова дүйнө салды

10.01.2023 10:35
375
Акын, журналист Жыпар Акунова дүйнө салды

Акын, журналист Жыпар Акунова 64 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.


Акунова 1959-жылы Нарын облусунун 8-март айылында жарык дүйнөгө келген.

Журналистика тармагындагы алгачкы эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы болуп баштап, бир катар облустук жана республикалык басылмаларда дагы эмгектенген. Аны менен катар “Мектеп” басмасынын көркөм редакциясында кенже редактор, Ош облусунун губернаторунун жана Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы дагы болуп иштеген.


2006-2017-жылдары кесиптешибиз Жыпар Акунова “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Ош облусундагы өкүлү катары иш алып барып, медиа тармагындагы бир нече эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга зор салым кошкон.


Жыпар Акунова КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, бир канча ыр жыйнактардын автору.


Маркумду узатуу зыйнаты бүгүн, 10-январда Ош шаарында өтөт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн