Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 12:33
USD
85.65
86.15
EUR
93.20
94.20
RUB
0.880
0.915

“Акмакмын, деги мага эмне жетпейт?” деп күңкүлдөдү...

01.11.2024 10:27
13
“Акмакмын, деги мага эмне жетпейт?” деп күңкүлдөдү...


Шаарда жашаган чоң бизнесмен жигит түштөнүүгө үйүнө келип, кызы менен уулунун чатагына күбө болду... Дарбазаны ачып кирери менен кызынын кызарган жүзүн, баласынын башын жерге салып отурганын көрдү. “Эмне болду?” деди атасы. “Ата, сиз алып берген кымбат оюнчукту уулуңуз бир балага берип коюптур, “кайра алып кел” десем, тултуюп унчукпай койду” деди кызы. Жигит көпкө ойлонду. “Уулума сабак алсын, мени багып чоңойткон агамдыкына алпарып, эки-үч күнгө таштайын, алар итке минген кедей да, алардын кантип жашаганын көрүп, акылына келер” деп толгонду. 


Ошентип эртеси эле өзү жетим калганда беш баласына кошуп багып чоңойткон агасыныкына жөнөдү. Үйүнө токтой бергенде кыйшайган эшигин көрүп, маанайы түшүп, ичинен сөгүп да алды. Агасы менен жеңеси чуркап тосуп чыгышты. Жеңеси чыныдагы сууну башына айлантып жатканда, машинасын тегеректеген балдарга карады. “Машинамды чийип коюшпасын” деп көңүлү кирдеп турду. Жеңеси балбалактап, жалынып-жалбарып, сары майын томуруп, каймагын калпып, эмне берерин таппай жатты. Чымыркана үч күнгө баласын таштады да, шаарга жөнөдү.


Ошентип, жумуш деп жүрүп, он күндөн кийин келди. Баласы чуркап келип, мойнунан кучактап, “алып кет, атаке” деп айтарын ойлогон. Уулу агасынын неберелери катары эле колун сунду. “Салам алейкум, атаке” деп учурашты. Ак жуумал өңү нурданып, кара торусунан тартып, беттери туурула түшүптүр. Агасы союп, мейман кылмакчы болгон козуну “шашып атам” деп машинасына бөктөрө салып жөнөдү. Жолдо келатканда баласынан сурады. “Кана айтчы, айыл кандай экен?” деп. “Оюнчук, телефон, интернет жок, балмуздак сатылбайт” деген жоопту күткөн. Бирок... “Атаке, сизди багып чоңойткон адамдар эң мыкты кишилер экен. Алар сизди абдан жакшы көрүшөт тура. Келген адамдарга сизди макташып, чоң ишкер, жакшы адам болгонуңуз менен сыймыктанышарын уктум. “Өчкөндөн тамган, өлгөндөн калган жалгызым” деп айтышты. “Раматылык акем менен жеңем жакшы адамдар эле, тирүү турушса уул мындан да зор адам болмок. Иши көп, быйыл баласын алып келип таштады. Эки кабат тамы, тикме ишканасы бар” деп чоң апам мактанды. Ата, биздин үйдө бассейн болсо, айылда шаркырап аккан суу бар экен. Тим эле таптаза, таштары кара, кызыл, ак болуп көрүнүп турат. Сууда тирүү балыктар сүзүп жүрүшөт. Ичсең мупмуздак, эч хлор жыттанбайт. Шаарда түнкү чырактар жанса, айылда ай менен жылдыздар жерге түшчүдөй жаркырап турат. Бизде телевизор, компютор бар, аларда жомок айтып берчү чоң апам эриктирбейт. Апам сатып келген сүттөн көрө чоң апам сааган сүт даамдуу. Шофёруңуз сатып келген картошка, пияз, сабизди алар жерден казып алышат экен. Бизге сатып берген пирожныйдын ордуна чоң апам каймакка шекер кошуп умач кылып берди, абдан даамдуу экен” деп тамшанды бала. “Атаке, каникул бүткүчө дагы бир жолу айылга барып келеличи?” деди жалооруй карап. Баласынын айткан сөздөрү атасын алыскы, унута баштаган балалык доорго алып жөнөдү. 


Агасы өзүнүн уулдарын урушуп, иш кылдырып, аны болсо аяп, атына учкаштырып айылга ала кетчү учурун эстеди. Жеңесинин каймак калпып бергени, дайыма айылдан келгенде аны “кичинекей” деп балдарына көргөзбөй момпосуй жашырып сунганын эстеп, тамагы буулуп, ыйлагысы келди. Баласынын ар бир айткан сөздөрү аны жаакка чаап жаткандай элес калтырды. Өзүнүн көзүн ак чел басканын, ага-жеңесинин эмгегин баалабай, асмандан түшкөндөй дардаңдап жүргөнүн эстеп, ичинен өзүн-өзү сөктү. Негизи эмгекчил агасына жардам бербегенин, анын эскирип, кыйшыйып калган эшигине сынтакканын эстеп, уурусу кармалгандай уялды. “Эки-үч күндө кайра айылга келебиз” деп баласын бооруна кысып, күн жыттанган көкүлүнөн өптү. Он күндүн ичинде “сен” дечү уулу “сиз” дегенге үйрөнгөнү үчүн ага-жеңесинин бутуна жыгылгысы келди. Ар бир адам курчап турган чөйрөдөн таалим аларына ачык түшүндү... “Акмакмын, деги мага эмне жетпейт?” деп күңкүлдөдү.


Белгисиз автор 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн