Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аксыда сел жүрүп 7 кишинин сөөгү табылды, дайынсыздар да бар

Аксыда сел жүрүп 7 кишинин сөөгү табылды, дайынсыздар да бар

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда сел жүрүп, алты адам каза болду, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында нөшөрлөгөн жаандан улам кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол жана Таштак айылындагы үйлөрдүн короосуна кирген.


Алдын ала маалыматка караганда, селдин кесепетинен Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынын тургуну 2016-жылы туулган жана дагы жети жаранды сел агызып кеткен. Учурда алардын өздүгү такталууда. Издөө иштеринен алты адамдын сөөгү табылган.


"Издөө иштерине КР ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Э. Тойчубековдун жетекчилигинде жалпы 25 куткаруучу, РИИБден 17 кызматкер, Ак-Жол айыл аймагынан 60 адам, Жаңы-Жол айыл аймагынан 4 адам, Аксы райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 5 адам тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн