Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аксыда жол кырсыгынан бир киши каза болуп, 13 адам жаракат алды

Аксыда жол кырсыгынан бир киши каза болуп, 13 адам жаракат алды



Бүгүн таңкы саат 5:55 чамасында Аксы районунун Кербен – Кош-Дөбө унаа жолунун болжол менен 13-чакырымында “ВАЗ 2106” жана “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Жерине КР ӨКМнин №70 ӨКБдан 2 куткаруучу тартылган. 

Кырсыктын кесептинен 1 эркек киши каза болуп, 13 киши (7 эркек, 3 аял жана 3 жаш бала) ар кандай жаракат алышкан, учурда аты-жөндөрү такталууда.


Куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


Ал эми тез жардам кызматынан 2 бригада тартылып, жабыркаган адамдарды Аксы райондук ооруканага алып кетишкен. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн