Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 18:36
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Аксынын Мундуз айылындагы 94 млн сомдук мектептин курулушу аяктап калды

14.08.2024 16:54
595
Аксынын Мундуз айылындагы 94 млн сомдук мектептин курулушу аяктап калды


Аксы районунун Мундуз айылындагы С.Жээнбаев атындагы №22 мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча мектепте эки кабаттуу окуу корпус ("А" жана "Б" блоктору) , өтмө галерея, спорттук зал куруу каралган. Жалпы аянты 1063 чарчы метрди түзөт. Объекттин наркы 94 млн сомду түзөт.

"Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 88 пайыздык жумушу бүткөрүлдү. Учурда билим берүү уясынын ички жумуштары аткарылып, айланасын көрктөндүрүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, курулуш-монтаждоо иштери “Снайпер” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн