Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:25
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Активист Өндүрүш Токтонасыровго кылмыш иши козголду

01.07.2023 10:45
386
Активист Өндүрүш Токтонасыровго кылмыш иши козголду


Активист Өндүрүш Токтонасыровго ИИМ тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзү билдирди.


Маалыматка ылайык, ал буга чейин келинин үйүндө болгон. Кечээ саат 21:00 чамасында аны бейтаныш кишилер унаага салып кетишкен. Көп өтпөй ал ИИМге суракка жеткирилгени аныкталган.


«Мага ИИМдин тергөөчүсү А.Эркинбеков КР Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомду тапшырды. Документте менин Фейсбук баракчам аркылуу расалык жана улуттук кастыкты козутуучу маалыматтарды жарыялаганым көрсөтүлгөн. Мен социалдык тармактардын активдүү колдонуучусумун, саясат жөнүндө жазам, жаздым жана жаза берем. Алар менден кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылышты, бирок мен жактоочунун катышуусуз бул ишке барбайм деп жооп бердим. Саат 23.00дө мени бошотушту, бирок эртең Ички иштер министрлигине келишим керек», - деди Өндүрүш Токтонасыров.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн