Бишкекте А.Осмонов көчөсү, 6 дарегинде жашоочулар үчүн көмүрдүн бир тоннасы 4000 сомдон сатылган.
"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, кампага өткөн түндө 300 тонна көмүр жеткирилген.
Бул акция мамлекеттик ишкана жана "Кен Транс" компаниясы тарабынан уюштурулган. Көмүр аз убакыттын ичинде сатылып кеткен.
"Бул акция уланат жана бир нече күндүн ичинде ошончо көлөмдөгү көмүр арзан баада жеткирилет жана сатылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн