Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:41
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Акжол Махмудов Польшадагы эл аралык турнирде алтын медаль жеңди

20.06.2024 08:28
1445
Акжол Махмудов Польшадагы эл аралык турнирде алтын медаль жеңди


Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирде алтын медаль жеңди.

Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.

77 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны алгач украиналык спортчуну 12:2 эсебинде, андан соң алжирлик спортчуну 9:1 эсебинде, ал эми колумбиялык балбанды 12:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Акжол Махмудов финалда польшалык спортчу менен кез келип, анын мөөнөтүнөн мурда 8:0 эсебинде утуп, алтын медалга татыды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн