Ала-Бука-Шекафтар-ПАП унаа жолундагы көпүрө кулап калган. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл өкмөтүнүн, Шекафтар айылында Ала-Бука-Шекафтар-ПАП унаа жолунун 23-чакырымында унаа өтүүчү көпүрөө кулап калган. Унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн айланма жол бар.
Жерине Чаткал райондук №80 ӨКБнүн башчысы жана айыл аймактан ЖК комиссиясы тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн